• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жер үй алтын кенинде кен казуу иштери башталды

Экономика 0

Бишкек, 12.11.19 /Кабар/. Талас облусундагы Жер үй алтын кенинде 11-ноябрдан тарта жардыруу иштери башталды.

Алтын кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКсынын башчы директору Михаил Шубиндин айтымында, алгачкы жардыруу менен бирге кенди казып алуу иштери башталды.

Компания алтын алып башташ үчүн болжол менен Жаңы жылга чейин 50 миң тоннага чейин кен топтоп алышы керек. Ал, долбоорду ишке ашыруунун маанилүү баскычтарынын бири.

Өндүрүштөгү алгачкы жардыруу ишине тиешелүү мекемелердин башчылары, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү, президенттин аппаратынын өкүлү ж.б. катышты.

Иш-чарага катышкандар калдык сактоочу жай жана алтын чыгаруучу фабриканын курулушу менен таанышты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмиль Осмонбетовдун айтымында, "Жер үй" долбоору Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн мааниси чоң.

"Бул долбоорду ишке ашыруу салык, социалдык чөйрө, айлык акыны көтөрүүдө чоң түрткү берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий