• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Жерүй” алтын кенинен 4 млрд сом салык түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-январына карата “Альянс Алтын” ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 4 млрд 20 млн 40 миң 367 сом салык төлөдү.

Ишкананын маалыматы боюнча, алтынды сатуудан түшкөн каражатты кошкондо 1 млрд 983 млн 519 миң 281 сом түштү.

“Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого кирешенин 2% өлчөмүндө” беренеси боюнча жергиликтүү бюджетке чегерүү 209 млн 617 миң 702 сомду түздү, анын ичинен:
- Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) - 104 млн 808 миң 851 сом;
- Талас районун өнүктүрүү фонду (30%) - 62 млн 885 миң 310 сом;
- Бекмолдоев айыл аймагын өнүктүрүү фонду (20%) 41 млн 923 миң 541 сом.

Пикир

Оставить комментарий