• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Жерүй” кенинде курулуш иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. 25-апрелде Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде инфраструктура курулушунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу КРнын өндүрүш, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өндүрүш, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин (ӨЭКМК) төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев, Талас облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, Бек-Молдоев айыл өкмөтүнүн депутаттары, “Альянс-Алтын” ААКтын кызматкерлери катышты.

ӨЭКМКнын төрагасынын орун басары А.Сапаралиев сөз сүйлөп, “Жерүй” долбоорун ишке ашыруу Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына киргизилгенин белгиледи. “2015-жылы “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө ачык-айкын сынак өткөрүлгөн. Комбинаттын курулушу менен 1000 ге жакын адам иш менен камсыз болот. Мындан тышкары, Таластын жашоочуларына соцпакет берилет, ал үчүн 4 фонд түзүлдү. “Жерүй” азыркы Кыргызстандын тарыхында эң эле ийгиликтүү жана өнүккөн экономикалык долбоор болот деп ишенем”,-деди А.Сапаралиев.

Андан кийин кызыл бантик кесүү салтанаты болуп, катышуучулар алып келинген техникаларды, компаниянын жумушчулары үчүн жакында эле курулуп бүткөн мекемени көрүшүп, көчөттөрдү отургузушту. “Альянс-Алтын” компаниясынын маалыматына ылайык, азыр “Жерүй” кенинен Бишкек – Суусамыр – Талас – Тараз трассасына чейинки жолдун курулушу башталды.

Компания алгачкы алтында 2018-жылдын аягында алууну, ал эми 2019-жылдын орто ченинде – долбоордук кубаттуулукка чыгууну пландап жатат.

Кендеги алтындын кору 105 тонна 553 кг деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий