• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Жерүй" кенинде курулуш-монтаждоо жумуштары аяктап, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө – премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Талас облусундагы "Жерүй" кенинде курулуш-монтаждоо иштери аяктап, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Боронов "Жерүй" кенин расмий ишке киргизүүнү 2020-жылдын IV кварталынын башына пландалганын айтат. "Буюрса, баары даяр, жакында ачабыз", - дейт ал.

Өкмөт башчы "Терек", Тереккан" жан "Перевальное" кендеринде алтын өндүрүү фабриканын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу башталганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий