• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер-Үй кенинде жардыруу иштери башталды, алтын алуу процесси 2020-жылдын мартына пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. “Жер-Үй” кенинде 1-ноябрдан тарта жардыруу иштери башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жер казынасын пайдалануунун лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Үсөнов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, кенди иштетүү лицензиясын “Альянс Алтын” ишканасы уткан. Аталган компания “Восток геолдобыча” россиялык компаниясынын алдындагы ишкана. "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Михаил Шубин.

“Учурда алтын казуу фабрикасын куруу 80%га аяктаган. Биринчи алтын куюлмасы 2020-жылдын март айына пландалган. Келишимге жараша компания мамлекетке салык төлөм, облустун социалдык жашоосуна каражат бөлөт. Бүгүнкү күндө “Бакубат Талас” фонду түзүлүп, компания фонддун эсебине 450 млн сом каражат бөлгөн. Андан тышкары, реабилитациялык борборлорго жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн”, - дейт Үсөнов.

Ошондой эле ал билдиргендей, кен иштетүүгө берилген уруксаттын мөөнөтү 2035-жылы аяктайт. “Келишим боюнча ал жерде 90% жергиликтүү калк жана 10% чет элдиктер иштеши керек. Бүгүнкү күндө ал жакта компаниянын 145 кызматкери жана 380 жергиликтүү жарандар жана мекемелердин кызматкерлери иштеп жатышат. Мекеме толук кандуу ишке киргенде 1 миң 200 жергиликтүү калкка жумуш орун түзүлөт”, - дейт ал.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин геология башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Момбеков билдиргендей, “Жер-Үй” кенинде С-1, С-2 классындагы 105 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар.

Пикир

Оставить комментарий