• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жерүйдөгү курулуш иштери апрелдин ортосунда башталат

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Талас районунун Бек-Молдо айыл өкмөтүндөгү Жерүй алтын кениндеги курулуш иштери үстүбүздөгү жылы апрелдин ортосунда башталып, августка чейин уланат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Талас облусунун борборунда облустун 300гө жакын активистинин, өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеевдин, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин, "Русская платина" компаниялар тобунун жана алардан чыккан "Алтын Альянс" ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу өттү.

Таластыктарды "Алтын Альянс" ЖЧКСынын ишмердигинин 2016-жылдагы жыйынтыктары жана Жерүйдү иштетүү боюнча келечек пландар менен тааныштырышты. Анын ичинде, кендеги инфратүзүмдү куруу мөөнөтү жарыяланды.

Мамкомитеттин башчысы Д.Зилалиевдин билдирүүсүнө ылайык, сунушталган 6 долбоордун төртөөнүн курулушуна уруксат алынды. Эки татаал долбоорлор боюнча, анын ичинде, калдыктарды сактоочу жай жана алтын чыгаруу фабрикасынын курулушу боюнча долбоорлоо мөөнөтү 2017-жылдын августуна чейин улантылды. Ведомство билдиргендей, иш-чараны катышуучуларынын көпчүлүгү маморгандар жана компаниялар тарабынан курулуш иштерин баштоо кадамдарын жасоо аракетин колдошту. Ошондой эле, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий