• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жер көчкү астында калган “Кумтөрдүн” кызматкеринин туугандары бала бакча курууну демилгелешкен

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында бала бакча курулууда.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, 60 балага эсептелген имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталган.

Маалым болгондой, бала бакча куруу демилгесин 2019-жылдын 1-декабрында “Кумтөр” алтын кенинин жер астында калган жумушчусу, тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбековдун туугандары көтөрүп чыгышкан.

“Кумтөр” алтын кен ишканасы жер астында калып каза болгон эки кызматкердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берген. Үй-бүлөлөрдүн бири каражаттын бир бөлүгүнө бала бакча курууну чечкен. Бала бакча Теплоключенка айылында жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Бала бакчанын жалпы сметалык баасы 36 млн сомду түзөт. Учурда “Кумтөр” компаниясы тарабынан 5 млн сом акча каражаты которулган, имараттын документтери даярдалды.

Учурда бала бакчанын биринчи кабатынын дубалы тургузулууда.

Пикир

Оставить комментарий