• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жер көчкүдөн адамдардын курман болушуна өкмөттү гана күнөөлөгөн туура эмес – И.Карамушкина

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Жер көчкүдөн адамдардын курман болушуна өкмөттү гана күнөөлөгөн туура эмес, себеби аларга коркунуч тууралуу эскертилген, бирок көчүп кетүүдөн баш тартып коюшкан”, - деди депутат Ирина Карамушкина бүгүн өкмөттүн жыйынында.

“Биздин бул жерде болгон окуяга жана адамдардын өлүмүнө өкмөттү гана күнөөлөп жатканыбыз туура эмес деп ойлойм. Өкмөт эскертип, ссуда төлөп бергендигин айтууда, айрымдары көчүп кетишсе, кээ бирлери баш тартып коюшкан. Мен туугандары каза болгон аялдын интервьюсун көрдүм. Ал адамдар көчүүдөн баш тартып, өлсөк да ушул жерде өлөбүз, бирок эч жакка көчпөйбүз деп коюшканын айтты. Менимче, өкмөттү күнөөлөгөндүн ордуна депутаттар өкмөткө жардам көрсөтүп, кооптуу аймактарга барып, кызыл тилге салып, адамдарды көчүүгө көндүрүшүбүз керек”, - деди И.Карамушкина.

Ошондой эле, парламентчи тоо массивдерине эмне болгонуна, эмнеге мындай активдүүлүк жүрүп жатканына кызыкты. Себеби эмнеде жана дүйнөлүк тажрыйбада жер көчкүлөрүн алдын алууга болобу?

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов быйылкы жылы ӨК саны өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөнүн белгиледи. Себеби – жер кыртышынын өзгөрүүсүнө таасир берген жаан-чачындардын жана жер титирөөлөрдүн көп болушу.

Пикир

Оставить комментарий