• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер көчкүдөн жабыркагандар цемент менен камсыздалууда

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасына турак жай куруу үчүн, жер тилкелери бөлүнүп берилген.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында, аталган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, арзан баада Араван цемент заводунан 2017-жылдын 18-июлунда КРнын ӨКМнин ӨКЧКТ түштүк борборунан 1 оор жүк ташуучу унаасында Араван цемент заводунан 20 тонна цемент жүктөп, жеткирилип таркатылган.

Жалпысынан 2017-жылдын 22-июнунан 18-июлуна чейин жалпы 399 тонна цемент жеткирилген.

Ошондой эле, Чоң-Алайдагы табигый кырсыктан турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 19-июль күнү Пэрити-Коал ишканасынын 3 оор жүк ташуучу унааларына Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводунан 65 тонна цемент жүктөлүп, жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 16-майынан 17-июлуна карата жалпысы 3043 тонна цемент жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий