• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жер көчкү коркунучу бар аймактан 647 үй-бүлө убактылуу көчүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад облустарында жер көчкү коркунучу бар аймактан убактылуу жайларга көчүрүү иш-чаралар тууралуу 20-мартка карата КР ӨКМ басма сөз кызматы маалымат берди.

Алардын маалыматы боюнча, облус боюнча жалпы жер көчкүдөн көчүрүлүүгө тийиш 1296 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 1009 үй-бүлө жер тилкесин жана ссуда алгандар, жер тилкесин жана жардам албагандар 287 үй-бүлө, бүгүнкү күндө аларга жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер трансфармациялоо иш-чаралары чечилип жатат.

Бүгүнкү күнгө жалпы Ош обл боюнча ӨКМ тарабынан 306 чатыр жеткирилип, коопту эмес участкаларда 263 чатыр орнотулган. Жалпысынан 647 үй-бүлө убактылуу көчүрүлгөн, анын ичинен 39 үй-бүлө чатырларга, 608 үй-бүлө туугандарына убактылуу көчүрүлгөн.

Жалал-Абад облусу боюнча жер көчкүдөн жалпы көчүрүлүүгө тийиш 1861 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 948 үй-бүлө жер тилкесин жана ссуда алган, бирок көчпөгөндөр, жер тилкесин жана мамлекеттен тарабынан ссуда алууга кезекте 913 үй-бүлө бар - аларга жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер трансфармациялоо иш-чаралары чечилип жатат.

Бүгүнкү күнгө жалпы Жалал-Абал облусунун Аксы, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жашаган 278 үй-бүлөө убактылуутуугандарына көчүрүлдү.

Коопту аймактан көчүрүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндегни № 289 токтомунун негизинде коопту деген тилкелерде жашап жаткан жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-акимдерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине жүктөлгөн.

Жер көчкү коркунучу бар участкалардан көчүрүү багынтында Жарандык коргонуу кызматтары жана ӨКМ биргеликте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий