• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын жашоочулары көчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Республика боюнча жер көчкү коркунучу бар коопту аймакта жашаган 4966 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болсо, анын ичинен 1888 материалдык жардамды жана жер тилкелерин алып, коопсуз жайга көчүп кетишкен. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

702 үй-бүлө жер тилкелерин алуу кезегинде турушат, ал эми 2376 үй-бүлө өз учурунда материалдык жардамды жана жер тилкелерин алып, бирок коопту аймактан көчкөн эмес. Коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Бул боюнча кошумча маалымат берилет.

Жалпысынан, республика аймагында 17 912 үй-бүлө коопсуз жайдан көчүрүүлүгө тийиш болсо, анын ичинен ар кандай жылдары 11 317 үй-бүлө мамлекет тарабынан материалдык жардам жана жер тилкесин алып, коопсуз жайга көчкөн. Ал эми 2782 үй-бүлө мамлекет тарабынан материалдык жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, коопту аймакта жашап жатышат.

2017-жылдын 1-апрелине карата маалыматка ылайык, учурда коопту аймакта жашап жаткан 3813 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү маселелери каралып жатат.

Коопту аймактан көчүрүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги № 289 токтомунун негизинде коопту деген тилкелерде жашап жаткан жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-акимдерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий