• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жер көчкүлөрдүн негизги себептери

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Республиканын аймагында 4532 жер көчкү аймак бар, тоолордо жайгашкандар менен 5000ге жакын. Анын ичинен 1109 участогу 600 калктуу конуштарга коркунуч туудурат. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 1-январынан 4-майга чейин 134 жер көчкү катталды, анын ичинен 68 жер көчкүсү өзгөчө кырдаалдарды жаратты (январда – 4, февралда – 4, март – 38, апрель – 83, май-5).

Жалпы көлөмү 81млн. 650 мин м³ түздү.

Баткен облусунда – 1;

Ош облусунда – 47;

Жалал-Абад облусунда – 86 жер көчкү катталган.

Жер көчкү коркунучтарынын өрчүүсүнүн негизги себептери:

  • 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын январына чейинки мезгил ичинде көп жылдык орточо норманын чегинде жана андан жогору жаан-чачындар жаап жана айлык норманын 170-290% түздү;
  • 2016 жылы 21 октябрынан баштап маал-маалы менен калың кар жаап, тоңбогон жантайма жерлерге карлар эрип, көчкү жүрүү коркунучу бар участкаларына, жантаймаларга кардын ашыкча терең сиңүүсү;
  • Абанын минустук белгиден плюстук белгиге чейинки температурасынын өзгөрүүсү (+10- +15 градус), кардын мол эрүүсүн келтирилген, мындан тышкары, күз жана кыш айларында жаан-чачын түрүндө жааган, бул жер көчкү жантаймаларынын интенсивтүү нымдашуусуна салымын кошкон;
  • Республикада, айрыкча түштүк аймагында сейсмикалык активтүүлүктүн уланышы. 2016-жылы 13076 сейсмикалык кыймылдар катталган, анын ичинен 256сы 2-5 балл болгон. 2017-жылдын январынан бери эле 20 жолу 3-5 балл болгон жер титирөөлөр катталган.
  • Ошондой эле, калктын чарбалык иш аракеттери дагы жер көчкү жантаймага таасир этип, күтүлбөгөн чукул жер көчкү болушуна себеп болгон жараяндарынын өнүгүүсүнө жана активдешүүсүнө маанилүү ролду камсыз кылат.

1970–2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер көчкүлөрдүн саны салыштырмалуу 8 эсе көбөйгөн. Кыргыз Республикасынын аймагында баардыгы 4532 жер көчкү (тоо ичиндегилер и менен 5000 жакын), анын ичинен дээрлик 99% республиканын түштүгүндө, ал эми түндүк аймакта 1% жер көчкү катталган.

Пикир

Оставить комментарий