• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер көчкүнүн алдында калган 3 адамдын экөө куткарылган

Коом 0

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында алдын ала маалымат боюнча саат 17:15 чамасында Арстанбап айылында жер көчкү жүрүп, тоонун боорундагы булактын көзүнөн суу түтүкчөсүн улап жүргөн 3 адамды басып калган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, жергиликтүү тургундар 2 адамды куткарып калышкан. Жабырлануучулардын абалдары оор, ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда көчкүдө калган 1 адамды жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, окуя болгон жерге КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ жана 50гө жакын куткаруучу чыгып кетти.

Жер көчкүнүн көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий