• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жер көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштерине 266 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Учурда издөө иштерине КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОдон майор И.Усенбаев жетектеген 33 куткаруучу, капитан И. Абдыбаев жетектеген 31 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-издөө куткаруу отрядынан полковник Буланов жетектеген 32 куткаруучу (Жалал-Абад облусунан), андан сырткары жергиликтүү тургундардан 20 жаран, Дөң-Булак айыл аймагынын ыктыярдуу 20 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер татртылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун башчылыгында издөө иштери жүрүп жатат.

Эстете кетсек, 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып, анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт, алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.

Пикир

Оставить комментарий