• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жер казыналары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Экономика 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Жер казыналары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу журналисттерге Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга кен ишканаларында кызматкерлердин 90%ы жергиликтүү тургундар, 10%ы чет элдик жумушчулар түзүш керек деген өзгөртүүнү киргизүү пландалууда.

Ошондой эле элдик керектөөдөгү товарлардын (калем сап, көшөгө) 80-85%ы Кыргызстанда сатып алынышы керек деген өзгөртүү киргизилмекчи.

“Инвесторлор калем сапты да чет өлкөдөн алып келишет. Биз товарлардын баары бул жактан алынсын, эгер бизде болбосо чет өлкөдөн алынсын деп жатабыз. Бул маселе боюнча Бажы кызматы менен иш алып барып жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий