• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жер казынасы боюнча жаңы мыйзамда карама-каршылыктар көп – Ассоциация өкүлдөрү

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Демилгечилер жер казынасына байланыштуу жаңы мыйзамга КР тоо-кен казуу Ассоциациясынын сунушун киргизишкен эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев билдирди.

Өз кезегинде Ассоциация төрагасынын биринчи орун басары Дүйшенбек Камчыбеков билдиргендей, тоо-кен казуу боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өтүп, кол коюу үчүн президентке жөнөтүлгөн.

“Биз мыйзам долбооруна өзүбүздүн өзгөртүү жана сунушубузду сунуштап жатабыз, бирок аларды эске алышкан жок. Мисалга, жергиликтүү бийлик жана калк үчүн эң манилүү пунктардын бири – бул социалдык пакет. Мыйзамдын бир бөлүгүндө соцпакет – бул ыктыярдуу иш экендиги айтылат, башкасында болсо, казууга лицензия алган компания сөзсүз түрдө соцпакетти көрсөтүшү керектиги көрсөтүлгөн. Башкача айтканда карама-каршылык бар. Экинчиси, мыйзамда айтылгандай 3 айга чейин компания мүчөлөрү алмашып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине маалымдабаган учурда алардын лицензиясы токтотулат. Ошо эле мыйзамда айтылгандай, бенефициар өзгөрсө лицензия жокко чыгарылат. Дагы да болсо карама-каршылык”,-деп билдирди ал.

Камчыбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө бир кен казуучу жерге бир канчасына лицензия берилүүдө, бул тараптардын чыр-чатагына алып келүүдө.

“Мисалга, Миңкушта көмүрдү компания казат, ошол эле маалда башка ишканага урандарды изилдөө үчүн лицензия беришкен. Андай кылууга мүмкүн эмес. Андан тышкары, лицензия алгандан кийин аны кайрадан сатууну токтотуу керектигин баса белгилеп кеткибиз келет. Бул деген тиешелүү бир жерди казуу үчүн лицензия сатып алып, аны кайрадан мыйзамсыз жол аркылуу сатууга алып келүүдө”,-деп кошумчалады ал.

Дүйшенбек Камчыбеков билдиргендей, бардыгы болуп КРде 2,5 миң лицензия берилген. Ал сандан сапатка өтүү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий