• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жер казынасын пайдалануу комитети "ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды. Кендеги бардык иштер токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "ЮрАзия" компаниясынын Кызыл-Омпол аянтынын уранга геологиялык чалгындоо үчүн лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон бүгүнкү жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, муну менен кендеги компаниянын баардык иштери мыйзамсыз деп эсептелет.

"Уран кениндеги иштер токтотулду. Учурда "ЮрАзия" компаниясы чалгындоо иштерин да жасаган жок. Жер казынасын пайдалануу комитети компаниянын лицензиясын кайтарып алды. Эми алар эч кандай жумуштарды жүргүзө албайт", - деди ал.

Сөзүнүн аягында Боронов, алдыда туристтик сезон келе жатканын жана митингдер ага кедерги болуп калбасын деген пикирин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий