• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын жаңы ставкалары бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды (мындан ары – жыйым) эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Кабыл алынган чечим жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарды сактоого жана лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

Жер казынасын пайдалануучулардын чакан жана орто ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн анализи көрсөткөндөй, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө компанияларды мотивациялоо катары жыйымды киргизүүнүн негизги максаты жарым-жартылай гана ишке ашты. Лицензиялардын көбү кайра сатуу максатында кармалып турган, мисалы тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн 769 лицензиянын ичинен 250 лицензия (35%) боюнча гана тийиштүү иштер аткарылууда.

Белгилей кетсек, 2013-жылга чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн административдик рычаг каралган – эгер айрым иштер аткарылбаса профилдүү мамлекеттик орган лицензияны жокко чыгара алмак. 2015-жылдан тартып экономикалык рычаг колдонула баштады – лицензияларды кармоо үчүн жыйым киргизилген. 2013-жылдан азыркы мезгилге чейин лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча жергиликтүү бюджетке 2,4 млрд сом түшкөн (жылына 250дөн 377 млн сомго чейин).

Бирок практика көрсөткөндөй, жыйымдын баштапкы белгиленген ставкалары өндүрүштү ыкчам баштоого, же лицензиялык аянттарды кыскартууга өбөлгө түзө алган жок. Ошондуктан, бул жыйымдардын ставкаларын кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

Жыйымдардын жаңы ставкалары белгиленгенде, кайра сатуу максатындагы лицензиялары бар компаниялар тоо-кен жана геологиялык иштерди жүргүзүүгө, же инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон лицензиялардан баш тартууга мажбур болушат.

Чечим расмий расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомдун толук мазмуну менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий