• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жер кыртышындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Токмок шаарынын жер кыртышындагы сууларынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш чаралары жүргүзүлүүдө,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, Токмок шаарынын 70-жыл Октябрь көчөсүнөн - Родниковая көчөсүнө чейин, Родниковая көчөсүнөн - Охотничая көчөлөрүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

“Жалпы тазаланган ачык типтеги коллектордук дренаждын узундугу 200 метр. Тазалоо иш-чаралары бүгүн да улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпысынан бир техника жана Токмок шаардык 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий