• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жер махинациясына байланыштуу Сузак райондук «Кадастр» мекемесинин кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында КРнын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т.», ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери «А.Э.И.» жана «М.А.» кармалды..

Кармалгандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке баюу максатында кылмыштуулукка жол бергени аныкталган.

Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий