• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жер ортолук деңизинде 203 мигрант чөгүп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. 2019-жылдын алгачкы жыйырма күнүндө Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мыйзамсыз жол тарткан 203 мигрант чөгүп кеткен. Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык уюм кабарлаганын Mehr агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 1-январынан 20-январына чейинки мезгил аралыгында Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мыйзамсыз 4883 мигрант кирген.

Алардын ичинен 3 миң 429 Испаниянын жээгине, 1166 Грециянын жээгине, калгандары Мальта жээгине жана Кипр аралына киришкен.

Өткөн жылы Жер ортолук деңизинде Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага кайык менен жол тарткан 201 киши чөгүп өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий