• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер ресурстары кызматы 2021-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчет берди

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы 2021-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.

Жер ресурстары кызматынан кабарлашкандай, жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмеге айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков катышкан.

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору Эрнест Сулайманбеков өткөн жылы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын 12-филиалында учурдагы жана капиталдык оңдоо-иштери жүргүзүлүп, алыскы аймактар үчүн 4 жаңы автоунаа, кызматкерлер үчүн 243 компьютер, 11 сервер, 30 генератор жана 68 принтер сатып алынгандыгын билдирди. Ошондой эле 30 заманбап навигатор сатылып алынды. 20 филиал жаңы эмеректер менен жабдылган. Мекеменин айрым кызматкерлери үчүн эмгек акыны жогорулатуу маселеси кошумча чечилди: архивариустар – 10%, нотариалдык күбөлүгү жок бөлүмдөрдүн кызматкерлери – 20%, иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр – 30%. Бүгүнкү күндө кызматкерлер үчүн эмгек шарттарын, ошондой эле кардарлар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын андан ары жакшыртуу боюнча план иштелип чыгууда.

Ошондой эле коллегияда "Кыргызгипрозем "жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун жетекчиси Алмаз Абдиев сөз сүйлөдү. Ал аткарылган иштер жөнүндө кыскача отчет берип, Кыргызстанда түшүмдүүлүгү төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча иштер активдүү жүрүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле ал Талас менен Жалал-Абадга топуракты изилдөө үчүн лаборатория ачкандыгын маалымдады. Мындай лабораторияларды Ысык-Көл жана Нарын облустарында ачуу пландалууда.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча "Мамкартография" картография геодезия боюнча мамлекеттик мекемесинин директору Нарынбек Исабеков да отчет берди.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өз сөзүндө жер ресурстары кызматынын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, баарына өз ишин мыйзамдуу, натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий