• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жер, суу маселеси. Ош облусунун башчысы жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнь күнү министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жеке маселеси менен кайрылган Ош облусунун тургундарын кабыл алды.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарандар жер, суу маселеси, оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол жана башка маселелер менен кайрылды.

Облус башчысы келген жарандардын көйгөйлөрүн угуп чыгып, маселелер менен таанышып, тийиштүү жетекчилерге жеринен барып чечүүгө тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий