• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жер титирөөдөн кийин биринчи болуп үй курган Чоң-Алайдын тургуну белек алды

Аймак 0

Ош, 29.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жер титирөөдөн кийин биричи болуп үй куруп бүткөн Чоң-Алайдын тургунуна өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов белек ыйгарды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мурда Сарыбашов Чоң-Алайдын тургундарына жер титирөөдөн кийин ким биринчилерден болуп үй куруп бүтсө, белек тапшыра тургандыгын айткан. Ошондой эле өкмөттүн өкүлү жер титирөөдөн жабыркаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү.

Ошондой эле, облус башчысы курулуп жаткан эки оорукананын жана мектептин курулушу менен таанышты.

Андан сырткары, Сарыбашов жеригиликтүү тургундардын көмүр менен камсыз болуусу менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий