• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алайдын тургундары жаңы үйлөргө көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.09.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай районунун 17 аз камсыз болгон үй-бүлөсү үчүн жаңы үйлөрдү салууга 130 миң доллар бөлүндү. Мындай сумманы “Ага-Хан” фонду Швейцария өкмөтү менен биргеликте жана “Helvetas ” коомдук фонду бөлүп беришкен. Бул тууралуу Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү программасы долбоорунун координатору Мейманбек Чекирбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, аз камсыз болгон 17 үй-бүлө тандалган, алар майыптар, жалгыз бой энелер жана турмуштун оор сыноосуна кабылгандар. Келээрки жумадан тарта үйлөрдүн курулушу башталат.

“Тендер өткөрүү жол-жоболору аяктады, учурда курулуш жабдыктарын толуктоо иштери жүрүүдө. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдаштык, алар курулуш жабдыктарын үйлөр салынуучу жерге алып келүүдө көмөк көрсөтүшөт”,-деди ал.

“Биз ал жакта база ачып жатабыз. Октябрдын аягында 17 аз камсыз болгон үй-бүлө жаңы үйлөргө киришет. Ошондой эле ACTED эл аралык уюму 45 үй-бүлөгө курулуш материалдарын алып берүугө жардам берет”,-деп кошумчалады Чекирбаев.

Швейцария өкмөтү тарабынан аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 миң доллары, “Helvetas” КФ 40 миң жана “Ага-Хан” фонду 50 миң АКШ долларын бөлүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий