• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жер титирөөдөн жабыркагандарга цемент жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында жер титирөөдөн турак жайлары жабыр тарткан тургундарга жардам берүү жана жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 27-май күнү Кызыл-Кыя шаарынан 58 тонна цемент КР ӨКМнин 6 даана КамАЗ унааларына жүктөлүп, 2017-жылдын 28-май күнү Чоң-Алай районуна жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 2017-жылдын 28-май күнү кошумча техникаларды тартуу жагы каралган. Чоң-Алай районундагы “Кайзи” ЖЧК ишканасынан 6 Хово үлгүсүндөгү унаалар цемент алып келүү үчүн бөлүнүп, Кызыл-Кыя шаарына жөнөтүлгөн. 2017-жылдын 29-май күнү кайра Чоң-Алай районуна барышат. Жалпысынан, 16-майдан 28-майга чейин Жекенди айыл аймагына 540 тонна цемент жеткирилген.

Ал эми Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 29-апрелинде Аюу айылындагы болуп өткөн жер көчкүдөн жапа чеккен жарандарга убактылуу жашап туруу үчүн, 2017-жылдын 27-май күнү КР ӨКМ тарабынан 1 даана атайын даярдалган мобилдүү турак үйлөр оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жөнөтүлгөн. 2017-жылдын 23-майдан 28-майга чейин КР ӨКМ тарабынан жалпы 19 даана (анын ичинен 11 даана 2 бөлмөлүү 40тн., 8 даана 1 бөлмөлүү 20тн.) мобилдүү турак үйлөр орнотуп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий