• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жер титирөөнүн кесепети Кадамжайдагы социалдык объектилерде жаракалар пайда болду

Коом 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда 2017-жылдын 3-майында саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепетинен кээ бир социалдык объектилерде жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, райондук комиссия жер титирөонүн кесепетерин тактоо иш-чараларын жүргүзүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

Айдаркен шаарында шаардык оорукананын имаратынын, “Күн Нуру” балдар бакчасынын имаратынын жана “Т.Маккан” орто мекбенин залдары жана каналарынын ар жерлеринен шыбактары түшүп, мурда пайда болгон жаракалары чонойгондугу байкалган;

Бирлик айыл аймагынын Жал айылындагы Б.Алыкулов орто мектебинин имаратынын темир бетондуу балкалары жана тосмо плиталары жылып, окуу класстарынын шыбактары түшкөн.

Көтөрмө айыл аймагынын Чандаки айылындагы Х. Жаныбеков орто мектебинин, Тамаша айылындагы А. Камбаров орто мектебинин, Тамаша айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана Кызыл Булак айылындагы “Коксал Таптан“ орто мектебинин имараттарынан билинер билинбес жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Жогорудагы имараттар Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан изилденип коопсуз абалда экиндиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий