• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жер титирөө учурунда Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап 1 адамды басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 10:47де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Карамык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болуп, мындан ары жашоого кооптуу абалда. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, 1 оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз, 1 балдар бакчасы жана 1 мектеп изилденип, абалы орто, пайдаланууга болору аныкталды.

Ошондой эле, Чулук айылында 1 сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калып, аны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 1 турак-жайда 2 кыз жалгыз болгондуктан чочуп калышкан. Аларга ФАПтын медайымдары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жакшы.

Изилдөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий