• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жаатындагы процедуралар жөнөкөйлөштүрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө физикалык жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин аталган токтому Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларындагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий