• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу маселелери боюнча «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары- Нурбаев А., Примов У., Акаев Ж., Бекешев Д., Исаков М., Эгембердиев М., Бакиров М.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору аркылуу КР Жер кодексинде, Суу кодексинде, Токой кодексинде, «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Демилгечилердин бири Жанарбек Акаев белгилегендей, мыйзам долбоору байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында иштеп чыкты.

Мобилдүү уюлдук байланыш оператору үчүн калктуу конуштарды мобилдүү байланыш тармактары менен камтуу мыйзамдык деңгээлде белгиленген лицензиялык талаптын милдеттүү шарты болуп саналат жана аны ыктымалдуу аткарбоо жана жасабоо тобокелдиктеринин колдонуудагы мыйзадардагы учурдагы бөгөттөрдөн улам реалдуу негиздери бар, алар жер участокторун бир категориядан башкасына которбостон (трансформациялабастан) же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон, жайыт жерлерди мал жаюу максатында гана пайдалануудан, жайыттарды ижарага берүүгө тыюу салуудан, өзгөчө корголуу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдарда аныкталган иштерди кошпогондо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын ар кандай башка иш үчүн пайдалануудан улам башка багыт боюнча пайдалануунун жол берилгистиги менен байланышкан.

Буга байланыштуу жогоруда аталган мыйзам актыларына түзөтүүлөр киргизилүүдө. Маселен, өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участоктору жерлердин бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трасформациялабастан) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга берүү каралууда. Ошону менен катар эле КР Өкмөтү менен макулдашып, байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн суу фондусунун жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун уруксат албастан пайдаланууга жол берилүүдө.

Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү республика аймагында байланыш курулмаларын ортотуу зарыл болгон жерлер боюнча так маалымат алуу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий