• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.

Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.

Пикир

Оставить комментарий