• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэри “Жер-Ынтымагы” конушундагы 10 үйдүн жашоочуларына алгачкы техпаспортторду берди

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Жен-Ынтымагы” конушундагы 10 үйдүн жашоочуларына алгачкы техникалык паспортторду тапшырды.

Бишкек мэри өз сөзүндө шаар борбор менен эле чектелбестигин белгиледи.

“Инфраструктураны өнүктүрүүгө муктаж болгон конуштар дагы бар” , - деди ал.

Мындан тышкары, мэр “Жер-Ынтымагы” конушунун турак жай курулушу Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанында санитардык зонага жакын жайгашканын эске салды. Бирок, санитардык нормаларга ылайык, 500 метрге жакын жерге үй салууга тыюу салынган.

“Бул маселени иликтеп, чечим кабыл алуу үчүн курамына “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, “Кадастр” МИнин Бишкек шаарындагы филиалынын, Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын, Бишкек Сөөк коюу агенттигинин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүү тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат”, - деди Жунушалиев.

Жыйынтыгында ал конуштун 10 жашоочусуна алгачкы техникалык паспортторду тапшырды.

Ошентип, конуштун алгачкы мыйзамдуу жашоочулары төмөнкүлөр болушту:

- Каримжан Камчбекович Акназаров;

- Айбек Асылбекович Бакыбаев;

- Каныкей Манасовна Курманбаева;

- Назира Туратбековна Абылкасымова;

- Нурила Корчубековна Нурбекова;

- Тынркан Туратбековна Шабаева;

- Арстанбек Какинович Карымбаев;

- Шаршенбек Бектурганович Кыдыралиев;

- Атыркуль Белгировна Бекбоева;

- Канат Эгембердиевич Белекбаев.

Белгилей кетсек, КРнын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №294 токтомуна ылайык, «Жер Ынтымагы» конушунда өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерин текшерүү жана андан кийин техникалык паспортторду даярдоо боюнча мобилдик топтор иштей баштаган.

Маалымат үчүн: Техникалык паспорт укук белгилөөчү документ эмес – ал үйдүн техникалык мүнөздөмөлөрүн гана көрсөткөн документ. Техникалык паспортко объекттин түшүндүрмөсү жана планы тиркелет. Каттоо күбөлүгү турак жай массивинин жашоочуларына каттоого жана социалдык кызматтардын пакетин алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий