• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жер жүзүндөгү эң кары адам аныкталды. Ал 112 жашта

Дүйнө 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Япониянын жараны Масадзо Нонака 112 жаш жана 259 күндү эске алганда жер жүзүндөгү эң кары эркек киши деп табылган,-деп маалымдайт Гиннес рекордор китеби өзүнүн расмий сайтында.

Уюмдун маалыматы боюнча, Япониядагы кеңсенин вице-президенти Эрика Огова шейшемби күнү рекордго кирген адамга сертификат тапшыруу үчүн үйүнө барган.

“Жер жүзүндөгү эң кары адам деген наамыңыз менен куттуктайбыз. Бул мырзадан жашоодогу баалуулуктарды үйрөнүп жана өмүрдү узарта турган сырларынан үйрөнсө болот”,-деп билдирген Гиннес рекорддор кибетинин башкы редактору Крэг Глендей.

Маалым болгондой, Нонака 1905-жылы 25-июлда туулган. Жети бир тууганы жана беш баласы бар.

Бош убактысында Нонака сыналгы көргөндү, гезит окуганды жана таттууларды жегенди жакшы көрөт.

Нонака жер жүзүндөгү эң кары адам наамын алган эң биринчи Япониялык, ага чейин бул наамга Дзироэмон Кимура татыктуу болгон. Ал 1897-жылы 19-апрелде туулган, 116 жаш 54 күн жашап, каза болгон.

Дүйнө жүзүндө качандыр бир убакытта эң көп жашаган адам катары – Жан Луиз Кальман табылган, ал 122 жаш 164 күн жашап каза болгон.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий