• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жер-жерлерде көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Республикалык штаб жер-жерлерде көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди.

7 миң жакыр үй-бүлө О! мобилдик операторунан гуманитардык жардам алат. О! мобилдик оператору тарабынан өтө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 30 кг камтыган биринчи зарылдыктагы тамак-аш азыктарынын жер-жерлерде Эмгек жана социалдык министрлигинин тизмеси боюнча алышат. Берилип жаткан гумжардамдын жалпы салмагы 200 тоннаны түзүп, 16,4 млн сомго алынган.

Ысык-көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айыл өкмөтүнүн тургундары Каракол шаарынын тургундарына, Облустук бириккен ооруканасына, Телегей балдар үйүнө жана төрөт үйүнө жума сайын бир күндүк сүттөрүн жардам катары берип жатышат. Муктаж болгондорго 2 литр өлчөмүндө сүт берилет.

Кара-Суу районунун Тельман айылынын жаштарынын демилгеси жана айылдагы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен “Абалың кандай айылдаш" аталышындагы кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул акциянын алкагында жалпы жонунан 130 азык-түлүк баштыкчасы муктаж үй- бүлөргө, согуш жана эмгектин ардагерлерине таратылды.

Каракол жана Балыкчы шаардык мэриялары азык-түлүк баштыкчаларын муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратууда. Азык-түлүк баштыкчаларды алууга Республикалык бюджеттен Каракол шаарына 8 млн 120 миң сом жана Балыкчы шаарына 4 млн 744 миң сом бөлүнгөн. Каракол шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны 10 миң 150, Балыкчы шаарында 4 миң 680.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 328 миң сом каражатка Миң-Куш айылындагы 411 үй-бүлөнүн ар бирине 800 сомдун тамак-ашы толтурулган баштыктар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий