• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жер-жерлерде көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Республикалык штаб жер-жерлерде көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Ош облусунда аралыктан окутууну сапаттуу ишке ашыруу үчүн муктаж болгон окуучуларга 252 сыналгы, 81 смартфон жана 24 мугалимге компьютер алынып берилди.

Баткен облусунда 5 миң 999 үй-бүлөгө азык-түлүк таратуу иши башталды. Кытай мамлекетинен Ош облусуна келип түшкөн гуманитардык жардамдын бир бөлүгү Баткен облусуна берилди. Гуманитардык жардамдын ичинде 50 термометр, 3 миң колкап, 10 миң беткап, 2 миң экспресс-тест, 2 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана 5 даана дезинфекциялоочу аппараты бар.

Бишкек шаарынын жана шаар четиндеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 300гө жакын азык-түлүк баштыктары берилди.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен Кемин жана Орловка шаарларында жашаган 205 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө жеке ишкер тарабынан 100 кап ун, 100 коробка китлап, 100 пакет макарон, 100,5 литр суюк майы жардамга муктаж үй-бүлөгө деп тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий