• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жерар Депардье Өзбекстан туризминин Франциядагы элчиси болуп дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Француз актеру Жерар Депардье Өзбекстандын туристтик брендинин Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек премьер-министри Азиз Абдухакимов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү сертификат актёрго атайын уюштурулган иш-чарада тапшырылат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Өзбекстандын туристтик брендин Францияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө таанытуу демилгесин актёр өзү көтөрүп чыккан.

Жерар Депардье Ташкентке өткөн жумада «Жибек жолу» документалдык тасмасын тартуу үчүн келген. Фильм 6-ноябрдан 26-ноябрга чейин Өзбекстандын Ташкент, Самарканд, Бухара, Хива, Термез жана Нукус шаарларында тартылат. Учурда актёр Самаркандда жүрөт.

Жерар Депардье постсоветтик аймактагы диктаторлор менен жакын мамиледе болгон батыш жылдыздарынын бири.

Пикир

Оставить комментарий