• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жерди пайдалануу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү.

Кабыл алынган Мыйзам Жер кодексине, Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий