• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жерге орноштуруу боюнча Талас шаардык башкармалыгынын кызмат адамына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Талас шаардык прокуратурасы тарабынан жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлкту каттоо боюнча Талас шаардык башкармалыгында КРнын жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилген. Бул тууралуу КРнын башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө жогоруда көрсөтүлгөн башкармалыктын кызмат адамы билип туруп расмий документке жалган маалыматтарды киргизүү менен Э.С. аттуу жарандын атына 600кв.метр аянттагы жер тилкесин мыйзамсыз каттаганы белгилүү болгон. Андан кийин ага аталган жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилген.

Талас шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда аталган башкармалыктын кызмат адамына КРнын Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2 (жер мыйзамын бузуу), 315 (кызматтык кыянаттык) жана 179-беренелеринде (жерге укукту мыйзамсыз каттоо) каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган кылмыш иши териштирүү жүргүзүү үчүн Талас облустук УКМКга берилди.

Пикир

Оставить комментарий