• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жерге-Тал айылында коронавирус чыккандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Нарындагы Жерге-Тал айылында коронавирус аныкталгандыгы тууралуу WhatsApp тиркемеси аркылуу жалган маалымат тараткан бир киши менен аял кармалды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, алар күн мурун, 18-мартта кармалган.

15 секунддук видеодо - "айылга тез жардам келгендиги жана аталган айылда коронавирус илдети катталды" деген билдирүү тараган.

"Жалган маалымат тараткан 26 жаштагы Д.Э., жана 46 жаштагы К.К.. аттуу жарандар кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий