• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү калктын көйгөйлөрү өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда калууда

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту.

Балыкчы шаарынын 300гө жакын тургуну катышкан жолугушууда жер тилкелери, таза суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү, мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги, кабыл алынып жаткан соттук чечимдердин сапатын көзөмөлдөөнү камсыздоо боюнча социалдык-экономикалык бир катар маселелер көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, шаардыктар көзөмөл органынын жетекчилигине укук коргоо органдарынын жер-жерлердеги ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө ишин күчөтүү боюнча каалоо-тилектерин айтышты.

Көчмө жолугушууларды өткөрүү тажрыйбасына ылайык, Балыкчы шаарынын тургундарынын айрым маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде дароо жеринде чечимдер кабыл алынып, маселени тактоо үчүн убакытты талап кылган башка даттануулар боюнча, аткаруунун так мөөнөтү – эки жумалык мөөнөт белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий