• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жергиликтүү кеңешке талапкер 3 адам кармалды – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Мурда кылган кылмыштары үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам кармалды. Бул тууралуу брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Бит-Аврагим Атур билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кармалгандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн. “Иш алдамчылыкка жана башка адамга тиешелүү болгон мүлктү өздөштүрүүгө байланыштуу”,-деди ал.

Ошондой эле чиновник прокуратура органдарына шайлоо мыйзамын бузуу тууралуу 32 кайрылуу келип түшкөн.

“Анын ичинен 3 кылмыш жана 3 жорук тергөө амалдары менен ИИОго жөнөтүлүп, КЖБР катталган, 9 номенклатуралык иш эсептен чыгарылган, аймактык шайлоо комиссиясына 14 кайрылуу жөнөтүлгөн.

Прокуратура органдары интернек тармактарына көзөмөл жүргүзүшүүп, 46 ушундай басылмаларды карады, анын ичинен кылмыштар боюнча 13 материал, жоруктар боюнча 4 материал КЖБР катталды, 2 иш БШКга жөнөтүлдү, 1 иш каралып жатат. Ошондой эле, 1 прокурордук жооп актысы киргизилди”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий