• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 3-майында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Маалыматка ылайык, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Жумгал, Кемин, Лейлек, Ош, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ш.Назаралиев атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Р.Токторбеков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Муллаевге өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешиндеги депутат Р.Султангазиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ишенбек у. Ж. өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңешиндеги депутат А.Акматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Джунушалиевге өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынан депутат А.Мисирова депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Жалиловго өткөрүлүп берилди (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан”);

- Ош шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутат Камалов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мырзаевге өткөрүлүп берилди («Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан);

- Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешиндеги депутат С.Юсупов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Мураталиевге өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешиндеги депутат А.Сагынбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Р.Алиевге өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий