• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча чечим өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кабыл алынат – өкмөт башчы

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча чечим өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кабыл алынат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы, кечээ президент жана парламенттеги фракция жетекчилеринин жолугушуусунда өлкөдө 23-марттан 1-апрелге чейин өтө турган эл каттоо бир айга жылдырылып, 23-апрелден 1-майга чейин өткөрүү, ошондой эле эртең, 20-марттан тарта өлкөдөгү бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынган айтып өттү.

"Бир жумада абал кандай болгонуна жараша чечим кабыл алган туура болот деп эсептейм", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрель күнү өтөрү белгиленген.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий