• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум. ИИМдин Ыкчам штабы түзүлдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумду өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жогорку дңгээлде жүргүзүлөт. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМге жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн министрликтин атайын Ыкчам штабы түзүлгөн.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө, референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары боюнча комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу үчүн жер-жерлердеги башкармалыктарга жана бөлүмдөргө жөнөтүлдү.

Аталган иш-мерчемде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого, референдумду өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун жабдыктары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралган.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен маалымат алмашуу, аны менен бирге шайлоо процессинде ИИМ тараптан уюштурулган иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды жалпылоо боюнча “Маалымат-талдоо тобу” түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн жалпысынан, алдын ала түзүлгөн күч каражатка ылайык тогуз миңден ашык кызматкер тартылып, анын ичинен жогоруда аталган шайлоо участокторунда төт миңден ашык кызматкерлер тартылат.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген маалыматка ылайык, республиканын аймагында жалпысынан 2 435 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлүп ИИОнун кызматкерлери, шайлоо комиссиялары менен биргеликте шайлоо тилкелеринде изилдөө иштерин жүргүзүлүп, бөлмөлөрдүн коопсуздук боюнча актылары түзүлдү.

Шайлоо учурунда санитардык коопсуздук чаралары да өзгөчө көзөмөлгө алынат.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга алып келе турган жалган маалыматтарды таратып, коомдук тартипти бузгандарга карата чаралар көрүлөт. Ушуга байланыштуу айрым жарандар социалдык тармактарда тараткан чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ички иштер министрлиги чагымчыл материалдарды тараткандарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

"Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий