• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына айым-талапкерлер үчүн лидерлик мектеби түзүлөт

Коом 0


Бишкек, 25.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына айым-талапкерлер үчүн лидерлик мектеби тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Аялдар комитетинин өкүлү Роза Жумабаева айтып берди.

undefined

Анын айтымында, 2019-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 30 пайыз аялдардын катышуу укугу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

"Алдыда 2020-2021-жылдары жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Шайлоого 30 пайыз аял киши катышканга укугу бар. Ушул себептен Кыргызстан аялдар кеңеши коомдук бирикмеси, Демократиялык аялдар комитети жана Аялдар форуму биргелешип, атайын мектеп уюштуруп, лидер айымдарды тарбиялоону чечтик. Анда шайлоого бара турган кыз-келиндерди даярдап, тренингдерди уюштурабыз", - дейт Жумабаева.

Ал белгилегендей, мектептин бирден бир максаты шайлоолорго барбай үйдө отуруп калган аялдарды окутуу.

"Мектепте окутуу тууралуу атайын программанын үстүндө иштөөдөбүз. Программа боюнча өлкөнүн ар бир жеринде окутууларды өткөрүп, талапкер болом деген аялдардын укуктук маданиятына көбүрөөк басым жасайбыз. Практика жүзүндө башыбыздан өткөргөндөрүбүздү тренинг аркылуу айтып беребиз. Мектеп Бишкекте жайгашат, бирок, республиканын ар бир аймагында координаторлор болот", - деп маалымдады ал.

Чүй облусунун Москва районунун депутаты Элеонора Сыйданованын айтымында, жергиликтүү кеңештерде шайлоо болгон сайын аялдардын саны азаюуда.

"2016-жылы республика боюнча шайлоого катышкан айымдар 15 пайызды гана түзгөн. Айтылып жаткан мыйзам биздин коомубузга керек. 30 пайыз боюнча мыйзам азыркы учурда Жогорку Кеңеште иштеп жатат. Бирок, жер-жерлердеги шайлоодо толук иштелбей жатат. Бирок, 2019-жылдын сентябрь айында Сарууда (ред.: Ысык-Көл облусу) жергиликтүү кеңештин шайлоосу өттү. Ал жерде 21 депутаттын тогузун айымдар түздү жана төрайым да аял киши болду. Бул жаңы мыйзам жаңыдан иштеп баштаганынан кабар берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий