• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жергиликтүү сотко судья дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн 1 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган талапкерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров аны судьялык кызматка дайындоо боюнча Кеңештин сунушуна макул болду.

Президенттин тийиштүү Жарлыктары менен Кудайбергенов Азис Абылович жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, ал Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий