• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Президент 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек, Токмок шаардык сотторунун жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Талант Мамытов аталган Кеңештин 6 судьялык кызматка талапкерлер боюнча сунуштамаларына макул болду.

Ал эми калган 4 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыккандан кийин, бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

КР Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды кабыл алып, алар төмөнкү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

– Чүй облусу:

Сокулук райондук сотуна:

Керимкулов Илияс Саматбекович;

Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;

Султаналиева Сеиль Асанкуловна;

Ысык-Ата райондук сотуна:

- Рыскулова Айжан Рыспековна;

Токмок шаардык сотуна:

- Тойгонбаев Асанбек Рафикович.

Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

- Динеев Мирад Сагынбекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий