• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Президент 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн — Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун шаардык жана райондук сотуна — 11 талапкер боюнча.

2019-жылдын 5-сентябрында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

8 талапкер боюнча иштин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, Мамлекет башчысы судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 9 талапкер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

— Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Саадабаева Чынара Муратбековна, Усакпаева Гүлзат Каныбековна;

— Чүй облусунун Москва райондук соту: Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

— Чүй облусунун Панфилов райондук соту: Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

— Чүй облусунун Сокулук райондук соту: Кулмурзаев Манасбек Каримович, Самаков Нурмат Талантбекович;

— Чүй облусунун Токмок шаардык соту: Абдырахманов Урматбек Аманович;

— Чүй облусунун Чүй райондук соту: Шаршеева Алтынай Чубаковна;

— Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту: Тажибаев Нурбек Рашидович.

Пикир

Оставить комментарий