• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдери боюнча Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулат:

— Каипова Нурила Кочкоровна;

— Мажитов Бакытбек Өмүрзакович.

Муну менен катар судьялык кызматка тандоо алкагында жана жаш курактык чегине (65 жаш) чейин дайындоо мүмкүндүгү боюнча аталган судьялардын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылгандыгы маалымдалат.

Кийин 2020-жылдын 25-майында мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алардын ыйгарым укуктары токтотулган.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий