• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Биринчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

— Абакиров Кайсын Кадырович;

— Алиев Авчи Мустафаевич;

— Сариев Аманбек Орозунбекович.

Экинчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий